Токмок шаарында мас айдоочу унаасы менен тигүүчү цехке кирип кетти. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 24-июлда Токмок шаарындагы кичи райондордун биринде катталган. Анда “Volkswagen Passat” үлгүсүндөгү унааны мас абалында башкарган 36 жаштагы айдоочу рулду башкара албай, тосмо дубалды сүзүп, андан соң тигүүчү цехтин терезесине такалып калган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жаракат алган.
Учурда айдоочуга карата протокол толтурулуп, унаа айып короого токтотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн