Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:53
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Токмокто өгөй кызын зордуктаган жаран камакка алынды

23.12.2020 07:01
468
Токмокто өгөй кызын зордуктаган жаран камакка алынды

15 жаштагы кызды зордуктоого шектүү адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу жактоочу  Шердор Абдыкапаров билдирген.


Анын айтымында,  21-декабрда Токмок шаарынын прокурору ага телефон чалып, жабырлануучунун чоң энесинин үйүнө келүүсүн суранган.


"Мен келип, биз баарыбыз милицияга чогуу бардык, ал жерде чоң эне кыздын өгөй атасына каршы көрсөтмө берди",- деди ал.


Адвокат кошумчалагандай, зордуктоого шектүү 48 саатка камакка алынды.


Буга чейин Токмок шаарынын 15 жаштагы тургуну эки жылдан бери өгөй атасы тарабынан зордукталып келгенин айткан.


Бул факт ERPPде катталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн