Жогорку Сот "Эмгек" партиясынын өтүнүчү менен ишти кайра кароого Бишкек Административдик сотко жөнөттү. Бул тууралуу мекемеден билдирди.
Буга чейин Токмок шаарында өткөн жергиликтүү кеңештин шайлоосунда "Эмгек" партиясынан башка партиялар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылган. Биринчи инстанция шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин чыгарган.
"Эмгек" партиясы Жогорку Сотко ишти кайра кароо өтүнүчү менен кайрылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн