Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Токмокто унаасына жасалма документ колдонуп жүргөн жаран аныкталды

03.02.2022 13:03
1019
Токмокто унаасына жасалма документ колдонуп жүргөн жаран аныкталды

“Унаа” мамлекеттик мекемеси: Жасалма документтерди пайдаланып жүргөн жаран Токмок шаардык милициясына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ИИМдин “Унаа” мамлекттик мекемесинин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Чүй-Кемин бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Токмок шаарында өзүм билемдик менен унаасынын каттоо күбөлүгүнө (тех.паспорт) жасалма жол менен кошумча шаймандарды тагып жүрүүгө уруксат деген өзгөчө белгини бастырып алган айдоочу аныкталды. 


Тактап айтсак, жаран "Фолськсваген-Пассат" үлгүcүндөгү автоунаасын кайра каттоого барганда анын каттоо күбөлүгүнүндө шектүү мөөр менен жасалма кол коюлганын Чүй-Кемин бөлүмүнүн кызматкери байкап калган. Андан соң мекеменин кызматкерлери Токмок шаардык милиция бөлүмүнө кайрылышкан. 


 ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери күмөн жараткан документтердин баарын Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө тобуна өткөрүп беришти. Учурда кылмыш ишинин чоо-жайын териштирүү процесси жүрүп жатат. Мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн айдоочу тергөө органына жеткирилди.  





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн