Токмокто жол инспекторлоруна баш ийбей унааны айдай качкан өспүрүмдөр кармалды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү Токмок шаарынан Audi үлгүсүндөгү унааны токтоткон учурда айдоочу баш ийбей качууга аракет кылган.
Кызматкерлер артынан жетип, текшергенде айдоочу жана ичиндеги жүргүнчүлөр өспүрүмдөр экендиги такталды. Ошондой эле ал унаа башкарууга укугу жок болгондугуна карабай, ата-энесинин унаасын уруксатсыз айдап чыккандыгы аныкталды.
Бул факты боюнча унаа айып короо жайына токтотулуп, өспүрүмдөр жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилип, ата-энелери чакыртылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн