Токмокто өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмокто 40 жаштагы жаран кан тамырын кесип, жаңы курулуп жаткан имараттын 9-кабатынан секирип, жанын кыюуга аракет кылып жаткан жеринен куткарылды.
"Окуя саат 20:32 чамасында Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө болгон. Жерине өрткө каршы куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды 9-кабаттан түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөткөн соң милиция кызматкерлерине жана тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматка караганда, 1982-жылы туулган С.А. аттуу жаран (эркек) мас абалында болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн