Бугу 07, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Токтайым Үмөталиева: Рашит Бостоновду «Кыргызнефтегаздан» мыйзамсыз кетирүү аракети жүрүп жатат

05.02.2021 18:00
632
Токтайым Үмөталиева: Рашит Бостоновду «Кыргызнефтегаздан» мыйзамсыз кетирүү аракети жүрүп жатат

"Кыргызнефтегаз" ААК Башкармалыгынын төрагасын кызматынан бошотуу жөнүндө документтештирилген арыз жок. Ал эмгек өргүүсүндө. Мындай пикирин  24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйынында укук коргоочу жана компаниянын акционери Токтайым Үмөталиева билдирди.


Анын айтымында, Рашит Бостоновду «Кыргызнефтегаз» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматынан мыйзамсыз кетирүү аракети жүрүп жатат. Ал Whatsapp аркылуу жөнөткөн деген арыздын негизинде кызматтан алынды. Бирок мыйзамга ылайык, арыз жеке өзү, факс же почта аркылуу кабыл алынышы керек.

"Рашит Бостонов азыр ооруп жатат.  Ушул мезгилде анын талапкерлигинин айланасында оюндар башталды. Бул ишти тыкыр иликтеп чыгуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге кайрылдык. Рашит Бостонов "Чач" аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү  менен алдын-ала сүйлөшүп алган деген маалымат тараткан дегени  тергөөчүлөр тергөө тобунун сабатсыз жана иштерин жакшы билбей турганын көрсөттү”, - деп белгиледи Токтайым Үмөталиева.

 Ошол эле учурда, Рашит Бостонов жетектеп турганда "Кыргызнефтегазга" эч кандай зыян келтирилгендиги боюнча далилдер жок экенин белгиледи. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча компания 1 миллиард 65 миллион сом киреше алып келген. Мындан тышкары, жыл сайын текшерүү жүргүзүлүп, анда мыйзам бузуулар аныкталган эмес. Ошондой эле акционерлерден эч кандай арыз түшкөн эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн