Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Токтогул ГЭСинде күзөттө турган шеригин атты делген жоокер кармалды

Токтогул ГЭСинде күзөттө турган шеригин атты делген жоокер кармалды


Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Токтогул ГЭСин кайтарып турган жоокерди атты делген башка жоокер кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Катардагы жоокерди атып качып кеткен 21 жаштагы шектүү Б.У. бүгүн болжол менен саат 16:00дө кармалган. Ал Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринин чатырында жашынып отурган. Сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлүп, жанына куралы да алынган.

Учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, кырсык күн мурун, 20-ноябрда болгон. Күзөттө турган 20 жаштагы жоокерди башка жоокер атып алган. Окуядан кийин шектүү из жашырып кеткен. Алдын ала маалыматка караганда, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн