"Электр станциялары" ААК Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли боюнча маалымат берди.
Компаниянын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы 23-августка карата суу сактагычтагы суунун көлөму 11 млрд 189,2 млн кубметрди түзөт.
Учурда суунун агып кириши секундасына 420 кубметр, ал эми агып чыгы 370 кубметрди түзөт.
2022-жылы 24-августта аталган суу сактагычта суунун көлөмү 13 млрд 187 млн кубметрди түзгөн.
Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров 2026-жылы 31-декабрга чейин КР энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн