“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун маалыматына ылайык, 2023-жылдын 1-июнуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 604 миллион кубометрди түздү.
Ал эми суунун агып кириши секундуна 604 кубометр, суунун чыгымы 375 кубометрди түзүүдө.
2022-жылдын 1-июнунда суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 миллиард 665 миллион кубометрди түзгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн