Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:38
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Токтогулда 148 млн сомдук соцобъектер жана жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

04.09.2024 11:31
920
Токтогулда 148 млн сомдук соцобъектер жана жер тилкелери мамлекетке кайтарылды


Токтогул районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бир катар социалдык объектилер жана жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Жалал-Абад облусундагы бир катар социалдык объектилерди жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктады.

Алсак, жалпы аянты 1,3 га болгон "Токтогул" автобекети мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди, ал 2009-жылы мыйзам бузуу менен жеке адамга төмөндөтүлгөн баа менен сатылган. Автобекеттин базар баасы 63 млн 817 сомго бааланууда.

Мындан тышкары, Токтогул районунун Торкен айылында жайгашкан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 2342,8 м2 соода комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул комплекстин базар баасы 4 млн 155 миң сомду түзөт.

Токтогул шаарынын мэриясынын балансына Токтогул шаарынын А.Козубеков атындагы паркынын аймагында жайгашкан 1,49 га жер тилкеси менен жайкы кинотеатр өткөрүлүп берилди, анын базар баасы 73 млн 610 миң 455 сомду түзөт.

Муну менен катар Токтогул шаарынын "Тайбала-Кечүү" тилкесинде жайгашкан 2 га көп жылдык көчөттөрү бар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Жер тилкесинин базар баасы 7 млн сомду түзөт.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн