Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Токтогулда беш киши мал уурдоого шектелип кармалды

Токтогулда беш киши мал уурдоого шектелип кармалды

2021-жылдын 15-январь күнү Токтогул районунун тургундары 1973-

ж.т. С.Г., 1963-ж.т. Б.Д., 1947-ж.т. С.К. жана 1998-ж.т. Ы.Э. Токтогул

РИИБне арыздары менен кайрылышып, өз арыздарында 2020-жылдын

декабрь айынын орто ченинен 15-январга чейинки аралыкта короосундагы

малдарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдиришип,

ууруларды таап аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү

суранышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Арызданган 4 атуулдан жалпы – 2 торпок жана 9 баш кой уурдалып,

аларга 130 000 сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.

Жогорудагы арыздардын негизинде тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя

болгон жерлерге кароо жүргүзүлүп, топтолгон материалдар 2021-жылдын

15-январь күнү Токтогул РИИБдин КЖБРне катталып, 4 факты боюнча

КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде (Уурулук) сотко

чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү кызматтарга аталган уурулуктун

бетин ачып, шектүүлөрдү тергөөгө камсыздоо боюнча тергөө тапшырмалары

берилген.


Тергөө тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-

чараларынын натыйжасында, Токтогул районунун Терек-Суу айылынын

мал базарында уурдалган 1 баш торпокту сатып жаткан жеринен шектүүлөр

кармалып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр Базар-

Коргон районунун 1997-ж.т. тургуну Ж.Т., Нарын областынын Жумгал

районунун 1996-ж.т. тургуну А.А., Талас областынын Бакай-Ата районунун

18 жаштагы тургуну Р.Б. экендиги аныкталып, РИИБдин УКЖга

киргизилген.


Тергөө-ыкчам иштери андан ары улантылып, жогорудагы

шектүүлөрдүн кылмыштуу шериктери бар экендиги такталган. Жалал-Абад

ОИИБдин, Токтогул РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана

милициянын участкалык инспекторлору менен биргелешип жүргүзгөн

иштеринин жыйынтыгында, 17-январь күнү Бишкек шаарынын аймагынан

Токтогул районунун тургундары 1994-ж.т. Э.О. жана 1990-ж.т. У.Д.

кармалышып, тергөө кызматы тарабынан УКЖга киргизилген.


Шектүүлөрдүн баш коргоо чаралары райондук соттун тергөө судьясы

тарабынан каралып, бардыгы тең бир айлык мөөнөткө камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып, бул кылмыштуу

топтун дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча текшерүү

иштери жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн