Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 12:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Токтогулда коронавирустун алдын алуу иштери жүрүүдө

19.10.2020 13:04
1114
Токтогулда коронавирустун алдын алуу иштери жүрүүдө


Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, район аймагында соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, санитардык нормаларды сактабаган жактарга эскертүү берилүүдө. Жугуштуу илдеттин жайылуусун болтурбоо үчүн ар бир сатуучу тиешелүү талаптарды так аткаруусу керектиги айтылууда.


Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды ооруну жуктуруудан алыс болууга үндөп жатышат. Медициналык каражаттарды ар дайым колдонуу менен илдеттин алдын алууга болоору эскертилип, азыркы кырдаалга кайдыгер карабоого чакырышууда.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн