Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Токтогулда орус жаранын өлтүрүп, издөөдө жүргөн жарандар кармалды

Токтогулда орус жаранын өлтүрүп, издөөдө жүргөн жарандар кармалды


 ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жалал-Абад облусунун ИИБдин ыкчам кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн эки шектүүнү кармашты.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.


Бир күн мурда ыкчам кызматкерлер эки шектүүнүн жүргөн жерин аныкташкан: өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөгө алынып, Бишкек шаарында жашырынып жүрүшкөн 32 жаштагы Ж.Т. жана 24 жаштагы А.М.. Учурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен Жалал-Абад ОИИБдин ыкчам кызматкерлеринин биргелешкен уюшкан иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүүлөр Ж.Т. менен А.М. кармалып, Токтогул районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Эске салсак, 2022-жылдын 20-июнунда саат 11:00 чамасында Токтогул РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө арыктан киши колдуу болуп өлгөн белгилери бар европа улутундагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.  


Бул факты боюнча Токтогул РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголгон.


Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал 44 жаштагы Д.К. болуп чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын июнь айында жаран Д.К. өзүнүн унаасы менен шектүүлөр Ж.Т. жана А.М. менен биргеликте Россиянын аймагынан чыгып кетишкен. Алар Кыргыз Республикасына келгенден кийин, Россиянын жараны Д.К. өлтүрүлүп, унаасын уурдап кетишкен. Ыкчам кызматкерлер унааны табышкан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн