Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жергиликтүү тургундар өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын жасап саткандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында баңги заттарды өндүрүү, сактоо жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотту.
Токтогул районунун Буракан айылында О.У.А. аттуу жаран кошунасынын үйүндө кол өнөрчүлүк аркылуу гашиш жасоону уюштуруп, үй ээлеринин туруктуу жоктугунан пайдаланып, чогултулган марихуананы камдап, кийин сатуу үчүн ар кандай прекурсорлорду колдонуу менен гашиш жасагандыгы аныкталган.
Жашаган жери боюнча О.У.А. өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары көрсөтүп, жергиликтүү укук коргоо органдары менен бир нече жолу чыр-чатакка барган, ошондой эле өзүнүн көмөкчү чарбасынын кызматкерлерин жапайы өскөн кара куурай чогултууга жана гашиш жасоого мажбурлаган.
12-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда жалпы салмагы 35 кг болгон баңги каражаттарынын ири партиясы (гашиш жана марихуана), ошондой эле баңги каражаттарын даярдоо үчүн жабдуулар табылып алынган.
Учурда О.У.А. жана аталган аймактын Э.Р.А., Д.Н.Н. аттуу эки тургуну УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн