Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Токторбаев президент менен УКМК башчысына кайрылып: Азыркы "пахтакорлор" сиздерди камаган

01.12.2022 10:37
297
Токторбаев президент менен УКМК башчысына кайрылып: Азыркы "пахтакорлор" сиздерди камаган

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага берген сурагы боюнча маалымат берип, президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.


Анын айтымында, депутат элдин көйгөйүн жеткиргени үчүн куугунтукталбаш керек.


"Урматтуу Садыр Жапаров, урматтуу Камчыбек Ташиев, азыркы учурда сиздердин айланаңыздагы "пахтаколор" убагында сиздерди каматкан. Каматып тим болбостон башка нерселерди да алган.


Биз сиздер үчүн суукка тоңуп, ысыкка күйгөндө булар сиздерге адилетсиз мамиле жасаган",- деди депутат.


Жеңишбек Токторбаев мындан сырткары депутат элдин көйгөйүн жеткирүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн