Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Токтошев: Доллардын баасы жасалма жол менен көтөрүлүп жаткандай

12.01.2023 12:24
538
Токтошев: Доллардын баасы жасалма жол менен көтөрүлүп жаткандай

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Кыргызстанда доллардын тартыштыгы атайылап жасалууда деп шек санады.


Анын пикиринде, америкалык валютаны ири суммада чет өлкөгө чыгарып кетишүүдө.


"Доллар эмнеге тартыш болуп жатат? Бул атайын жасалгандай сезилүүдө. Азыр курсу 88 сомго чыкты. Кээ бирлери тааныш аркылуу алып жатышат. Менде "Россиядан келип, долларды миллиондоп алып чыгып кетип жатышат" деген маалымат бар. Ушуну көзөмөлдөңүздөр. Күзүндө кыргызстандык ишкер Россияга 4 миллион доллар алып баратып тоноткон. Эл бул жакта 1000 доллар таппай жатса, ал анча сумманы каяктан алды? Бул чекеси эле. Демек, атайын жасалган коррупциялык схема бар. Муну жасаган кишилер бар", — деди Токтошев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн