Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 23:00:11
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Тоңдо муктаж үй-бүлөргө ун таратылды (фото)

06.04.2020 13:17
1136
Тоңдо муктаж үй-бүлөргө ун таратылды (фото)

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы 35 муктаж үй-бүлө ун менен камсыздалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, ундар Тоң районундагы Кара-Коо жана Жоомарт Бөкөнбаев айылдарындагы муктаж үй-бүлөлөргө таратылган. Ал эми Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты аймактагы дин кызматкерлерине 40 мүшөк ун азыгын жардам катары таратып бергени айтылат.


“Бул жардамдарды Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кайрымдуу жарандар менен биргеликте уюштурду. Жардам алгандардын басымдуу бөлүгү турмушу оор үй-бүлөлөр, жетим-жесирлер, майыптар болду. Кыйын мезгилде жардамга колун сунган кайрымдуу инсандарга жардам алган мекендештерибиз ак баталарын беришти” – деген Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев.


Маалыматка таянсак, кайрымдуу жарандар тарабынан өлкө аймагындагы 1500 муктаж үй-бүлөгө жана дин кызматкерлерине ун азыгы таратылып берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн