Теке 26, 2025
Убакыт: 09:47
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Тоң районунун 20 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот

25.07.2025 12:06
38
Тоң районунун 20 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот


Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 20 миңден ашуун тургун таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жумушчу сапарынын алкагында айылдагы калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашыруу жумуштарын көрдү.


Долбоордун алкагында 20 миң 500дөн ашуун адам туруктуу жана сапаттуу ичүүчү сууга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 42,5 пайызга аяктады.


"Таза суу — бул ден соолуктун булагы. Ар бир жаран коопсуз таза сууга жетүүгө тийиш. Биз бул ишти сапаттуу жана так мөөнөтүндө бүткөрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшайбыз", — деген Төрөбаев таза суу маселеси мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт экенин билдирди.


Турак жайларды суу түтүк системасына туташтыруу иштери 2025-жылдын 1-мартында башталган. Бүгүнкү күндө 216 абонент туташтырылды.


Бөкөнбаев айылындагы бардык иштердин толук аякташы 2028-жылдын февраль айына белгиленген. Бул долбоор жергиликтүү элдин жашоо шартын жакшыртууга жана калктын коопсуз ичүүчү сууга жетүүсүн камсыздоо аркылуу региондун туруктуу өнүгүшүнө багытталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн