Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Төңкөрүш уюштурууга шектелген талапкерлер кимдер экени белгилүү болду

26.11.2021 21:05
1549
Төңкөрүш уюштурууга шектелген талапкерлер кимдер экени белгилүү болду

Бүгүн, 26-ноябрда БШКнын жыйынында УКМКнын тергөөчүсү Дамир Суваналиев «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган 3 талапкерин жазык жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады.


Суваналиевдин айтымында, Суеркулов Нурис Жумабаевич, Акматбеков Руслан Автандилович жана Купешев Бекназар Эсенгуловичтин үстүнөн Жазык кодексинин 38-309-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.


Тергөөчү аталган жарандар учурда кармалбаганын кошумчалады.


БШКнын мүчөлөрү талкуудан кийин тергөөчүнүн суранычын канааттандырышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн