Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Төө-Ашуудагы тоннел маал-маалы менен жабылып турат

06.07.2022 15:34
311
Төө-Ашуудагы тоннел маал-маалы менен жабылып турат


Бишкек-Ош автожолунда (Төө-Ашуу) Кусеин Көлбаев атындагы тоннелде күйүп кеткен электр зымдарын алмаштыруу иштеринен улам 6-июлдан 8-июлга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

5-июлдун кечинде тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп, анын эки тарабы тең убактылуу жабылып, кийин ачылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп кеткени тууралуу маалымат кечки саат 16:30га чукул түшкөн. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы өрттөнүп кеткен Lexus 470 автоунаасында эки адам болгонун, алар аман-эсен коопсуз жайга чыгарылганын билдирген. Маалыматта машиненин өрттөнүп кетишине ага жакында эле орнотулган газ жабдыгы себеп болушу мүмкүн экени айтылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн