Кыргызгидромет борборунун билдирүүсү боюнча, 15-16-июнь күндөрү өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус болот.
15-июнда Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 32…34° болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн