Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Төрага: Бюджеттен кошумча дагы 100 млн сом бөлүнүп берилет (видео)

18.03.2020 09:29
672
Төрага: Бюджеттен кошумча дагы 100 млн сом бөлүнүп берилет (видео)


Коопсуздук кеңешинин жыйынында кошумча акча каражаты суралгандан кийин учурда дагы 100 млн сом бөлүү тууралуу маселе каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков коронавирустун алдын алуу чаралары тууралуу берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, буга чейин Кыргызстанда коронавирус оорусун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Өкмөткө бюджеттен 30 млн сом түзмө түз бөлүп берүү боюнча тапшырма берилген.


Андан тышкары Коопсуздук кеңешинин жыйынында кошумча акча каражаты суралгандан кийин учурда дагы 100 млн сом бөлүү тууралуу маселе каралууда. 


"Учурда өкмөттө каражат бар. Канча каражат керектелсе ошончо сумманы бөлүп бергенге дайынбыз. Азырынча тартыштык жок", - деди төрага. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн