Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Төрага ЖЭБде жабыркагандардан кабар алып, алардын туугандары менен жолугушту

03.02.2024 12:39
241
Төрага ЖЭБде жабыркагандардан кабар алып, алардын туугандары менен жолугушту


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарынын жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткан адистерден кабар алды.

Ошондой эле туугандары менен жолугушуп, баарлашты.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берди.

Төрага Нурланбек Шакиев керектүү медициналык жардамдар толук көрсөтүлүшү керектигин белгилеп, Жогорку Кеңеш жылуулук борборундагы жагдайды жөнгө салууга багытталган аракеттерди да көзөмөлгө аларын билдирди.

Иш учурунда жабыр тарткан кызматкерлердин тез арада сакайып кетиши үчүн Төраганын резервдик фондунан да каржылык жардамдар көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Муну менен катар бүгүн бейтаптарды дарылоого көмөктөшүү максатында Түркиядан атайын адистер келгенин кабарлады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн