Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Торкен-Толук жолуна кар көчкү түштү

Торкен-Толук жолуна кар көчкү түштү



Толук айыл өкмөтүндө көп күндөн бери кар жаап, кардын калындыгы айрым жерлерде 1-2 метрге чейин жетип, Торкент-Толук унаа жолу аркылуу каттам токтогон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Жалпы жолдун узундугу 110 чакырым, анын ичинен 30 чакырымында жол ачык. Ошондой эле 18-февраль күнү таңкы саат болжол менен саат 04:30 чамасында унаа жолдун 68-чакырымында 2 тилкеде (1 тилкеде 10800м3, 2 тилкеде 12600м3) кар көчкүлөрү түшкөн. 


19-февраль күнү Торкен-Толук унаа жолу тазалоо иштеринин натыйжасында саат 13:00дө бир тараптуу ачылган. Бүгүн унаа жолду кеңейтүү иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин ӨКААжКЖКнан 1 бульдозер жана №23 ЖТИден 1 бульдозер тартылды.


ПРЕСС-БОРБОР

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн