Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Төрөбаев Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу иштерине байланыштуу жыйын өткөрдү

27.06.2023 17:26
755
Төрөбаев Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу иштерине байланыштуу жыйын өткөрдү


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана каржы институттарынын катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйында Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу үчүн биргелешип каржылоо маселеси каралды. Тагыраагы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы финансы-кредиттик фонду, “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКсы, Евразия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ортосунда биргелешип каржылоо каралууда.

Белгилей кетсек, долбоордун болжолдуу баасы 35 млн доллардан ашуун. Курулуш иштерин 2-2,5 жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда. Долбоор ишке ашырылса, анын жалпы кубаттуулугу 26 МВтты түзөт жана жылына орточо 108 млн кВт саат электр энергиясын иштеп чыгууну болжолдойт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн