Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 06:57
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Төрөбаев, Зулушев, Бийбосунов жана жергиликтүү жетекчилер Раззаков шаарында эл менен жолугушуу өткөрүүдө

05.09.2022 12:37
1040
Төрөбаев, Зулушев, Бийбосунов жана жергиликтүү жетекчилер Раззаков шаарында эл менен жолугушуу өткөрүүдө

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жарандардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу жана чечүү максатында Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдор Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушууда.  Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жыйында жергиликтүү тургундар коомчулукта орун алган мыйзамсыздыктар, социалдык көйгөйлөр, чечилбей жаткан жеке укуктук маселелери, түрдүү адилетсиздиктер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан мүчүлүштүктөр тууралуу суроолорду беришти. 


Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз сөзүндө, эл менен болгон жолугушуулар Президенттин жеке көзөмөлүндө тургандыктан ар бир көтөрүлгөн маселе мыйзам чегинде объективдүү каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынаарын, арыздарды жеке өзү көзөмөлгө алып жаткандыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн