Кулжа 02, 2024
Убакыт: 03:04
USD
87.60
88.50
EUR
94.60
95.60
RUB
0.960
0.980

Төрөхан Жунусбеков Мелис Аспековду үй камагына чыгарууну талап кылды

25.02.2021 12:18
616
Төрөхан Жунусбеков Мелис Аспековду үй камагына чыгарууну талап кылды


Бүгүн, 25-февраль Бишкек шаарында “Мелис Аспековду коргоо” аталышында пресс-конференция өтүп жатат.

Иш-чара Мелис Аспековду коргоо комитети тарабынан уюштурулган. Анда резолюция кабыл алынып, президент Садыр Жапаровго кат жөнөтүлөт.


Колдоп келгендердин бири “Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков Аспековду үй камагына бошотууну талап кылды.


Бүгүнкү иш-чарага келгенибиздин себеби Мелис Аспековго кайдыгер карабай келдик. Анткени ал “Мекенчил” партиясын ачкан, астында тургандардан. Акыркы революцияга дагы чоң салым кошкон адам деп билебиз. Мелис Аспековдун ишинин бардыгы адилеттүүлүк, мыйзамдуулук менен каралсын. Экинчиден, үй камагына чыгарылып, тергелсин. Анан сот мыйзамдуу чечим чыгарсын", - деди Жунусбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн