Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:08
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Төрөкул Жанузаков белгисиз белгилүү инсан...

21.07.2021 11:28
6932
Төрөкул Жанузаков белгисиз белгилүү инсан...


Кыргыздардын арасынан биринчилерден болуп орус-тузем мектебинен окуган, 16 жашында Түркестан генерал-губернаторуна тилмеч болуп иштеген, Россиянын Думасынын депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн, европалык театрга барган, ырларды, орус тилиндеги памфлеттерди жазган, биринчи болуп Кыргызстандын гана эмес, Түркестан элдеринин да эгемендиги тууралуу идеяны көтөргөн, революциялык бийлик органдарын курууга активдүү катышып, БАКтын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган даңазалуу жердешибиз Төрөкул Жанузаковду өз мекенинде баары эле биле беришпейт. Ошол эле учурда 80 миллион калкы бар Түркияда, кошуна Өзбекстанда анын ысымы кеңири белгилүү. Белгилүү коомдук ишмер, башкыр тарыхчысы Зеки Велиди Тоган Жанузаковду Советтик Чыгыштын көрүнүктүү өкүлү катары мүнөздөсө, өзбекстандык коомдук ишмер Мунаввар Кары өзүнүн китептеринде ал тууралуу көп жолу эскерген. Атүгүл совет адабиятынын классиги деп аталган Д.Фурмановдун “Козголоң” романында да Жанузаковго бүтүндөй бир глава арналган. Мунун себеби бир жагдайдан: Жанузаков Түркестан БАКында жооптуу кызматтарда иштеп, ал тууралуу архивдик материалдардын баары Ташкенде сакталгандыгынан улам болсо керек. Анын өмүр баянын, саясый ишмердигин изилдеп, кыргыз окурмандарына алгачкы жолу тааныткандар – булар тарых илиминин докторлору В.Плоских, Ж.Жунушалиев жана тарыхчы Кемелбек Кожомкулов болду. “Анда бала кезим. Бир жолу мектепте директор болуп иштеген тарыхчы атаман Төрөкул Жанузаков ким болгонун сурасам, кыска гана “улуу адам” деп койду. Башка эчтеке айткан жок. “Улуу адам болсо, анда эмне үчүн ал тууралуу эч кандай маалымат жок?” деп аябай таңкалгам. Арадан көп жыл өтүп, жарандык согуш, ВЧК органдарынын ишмердиги тууралуу Москвадан чыккан китептерден Төрөкул Жанузаков Орто Азиядагы басмачылар кыймылынын уюштуруучуларынын бири катары көрсөтүлгөнүн окугандан кийин гана коммунист атам эмне үчүн ошондо сыр катып, көп нерселерди ачык айтпаганын түшүндүм” деп жазат К.Кожомкулов. 

 

Кыргыздын Че Геварасы


Төрөкул Жанузаков 1893-жылы Талас районунун Талды-Булак айылында белгилүү манаптын үй-бүлөсүндө туулган.1909-жылы Меркедеги орус-тузем мектебин аяктаган соң эң мыкты бүтүрүүчү катары падышанын Түркестан крайындагы администрациясына генерал-губернатордун жардамчысы жана тилмечи болуп кызматка алынат. Бул кызматта иштеп жүргөндө ал Россиянын ак сөөктөрүнүн, интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрү, Орто Азияга келген белгилүү илимий жана маданий ишмерлер, саякатчылар менен таанышат. Орус маданиятын, анын эң мыкты салттарын каны-жанына сиңирип, ал аркылуу Европа цивилизациясына жол табат. Бирок, башкалардан айырмаланып, ал падышалык Россиянын Түркестан элдерине карата жүргүзгөн саясатынын оң жактарын да, терс жактарын да аңдап түшүнө баштаган.


1917-жылы Октябрь ыңкылабы болгондо Т.Жанузаков революцияны жандили менен кубанып тосуп алат. Анткени, өз элинин чыныгы патриоту, интеллигенти катары большевиктердин эркиндик, бир туугандык, бардык элдердин тең укуктуулугу сыяктуу идеялар анын жүрөгүнө өзгөчө жакын эле. Өзүнүн жакын досу, казак элинин көрүнүктүү өкүлү Турар Рыскулов менен чогуу Аулие-Ата уездинде (азыркы Талас облусу да ошол жакка карачу) жаңы жашоону курууга шымалана киришип, ВЧК органдарынын жетекчиси катары контрреволюцияга каршы күрөшкөн, Талас облусунун өйдөкү зонасындагы ачарчылыкка, эпидемияга кабылган райондорго азык-түлүк жеткирилишин уюштурган. Мындайча айтканда, Төрөкул Жанузаковду кыргыздын алгачкы чекисттеринин бири болгон деп айтсак болот.


Жогорку эрудициясынын, уюштуруучулук талантынын натыйжасында ал бат эле көзгө илинип, 1920-жылы Түркестан АССРинин БАКынын төрагасынын орун басарлыгына шайланат. Дал ушул кызматта иштеп турганда ал Качкындар боюнча комиссиянын төрагасы катары Үркүн мезгилинде Кытайга качкан кыргыздарды мекенине кайра алып келүү, аларды жайгаштырып, материалдык шарттарды түзүү, өз жерлерин кайтарып берүү боюнча эбегейсиз эмгек кылган. Көтөрүлүш учурунда жабыркаган кыргыз айылдары салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулган. Куралсыз калкка, кары-картаңдарга, аялдарга, балдарга өкүмзордук көрсөткөндөр жазага тартылган. Дал Жанузаковдун демилгеси менен “Букара” союзунун жетекчиси К.Сарыкулаковдун катышуусунда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу “Манас” эпосун жыйноо иштери башталган. Жанузаков Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев өңдүү кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрү менен достук байланышта болгон. 


1920-жылы Төрөкул Жанузаков Баку шаарында өткөн Чыгыш элдеринин I Конгрессине Түркестан элдеринин делегациясын баштап барып, ал жыйында доклад жасайт. С.Киров, С.Орджоникидзе сыяктуу белгилүү большевиктер менен бир катарда ал да Чыгыштагы туруктуу иштөөчү аракет жана пропаганда кеңешинин мүчөлүгүнө шайланат. Жанузаков Конгресстин катышуучулары менен полемикага чыгып, улуттук түзүлүш боюнча түркестандык делегациянын өзгөчө көз карашын билдирет. 


Бул учурда Жети-Сууда кландык таймаш башталып калган. Жанузаковдун күндөн-күнгө жогорулап бараткан кадыр-баркына ичи тарыган атаандаштары интрига уюштуруп, аны жаманатты кылууга өтүшөт. Россиянын курамында Түрк Республикасын куруу керек деген идеясы ага каршы “жанузаковщина” деп жарлык тагууга эң сонун шылтоо болуп берет. Д.Фурманов менен пикир келишпестиги да буга кошул-ташыл болот.


“Ар кандай эл толук эгемендүүлүккө ээ болгондо гана эркин өнүгө алат” деген тыянакка келген Төрөкул Жанузаков большевиктер менен мамилени үзөт да, Түркестан элдеринин көз карандысыздыгы үчүн ачыктан-ачык күрөшкө аттанат. Советтик пропаганда басмачылар деп атаган улуттук-боштондук кыймылынын башкы идеологуна айланат. 

 

Басмачылардын арасында


Тарыхчылар Төрөкул Жанузаковдун совет бийлигинен көңүл калуусун Ташкендеги шовинисттик кадрлардын түпкүлүктүү калкка ишенбөөчүлүк мамилеси, алардын саясый укуктарынын сакталбоосу менен түшүндүрүп жүрүшөт. Мисалы, 1917-жылдын 15-22-ноябрында Ташкенде өткөн Түркестандын жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттардын III крайлык курултайында Туркестандын Элдик Комиссарлар кеңеши түзүлүп, ага большевиктерден 7, солчул эсерлерден 8 киши мүчө болуп кирген. Бирок, алардын арасында түпкүлүктүү элдердин өкүлдөрүнөн бир да киши жок. 1921-жылдын август айында Түркестандын улуттук интеллигенциясынын өкүлдөрүнөн турган топ Бухарада “Түркестан улуттук биримдиги” союзун түзүшүп, ал эми сентябрда Самаркандда өткөн VI конгрессте анын уставы жана туусу кабыл алынат. Белгилүү Чыгыш таануучу Зеки Валидовдун жазганына караганда, союздун документтерин даярдоодо Төрөкул Жанузаков башкы ролду ойногон. Ошол эле жылы Анжиянда көтөрүлүшчүлөр отрядынын командирлери менен жыйын өткөрүп, алардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Кызыл Армиянын жоокерлерине, орус калкынын өкүлдөрүнө баракчаларды таратып, аларды көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүүгө үндөгөн. ВЧК-КГБнын архивдик маалыматтарына караганда, Кыргызстандын түштүгүндөгү басмачылык кыймылдын көрүнүктүү өкүлү Жаныбек казыга Жанузаковдун таасири аябай күчтүү болгон. “Фергана өрөөнүндөгү улуттук-боштондук кыймылын идеялык жактан баш коштурууда башкы ролду Т.Жанузаков (каймана аты Канаев) ойногон. 2020-жылдын 15-декабрында корбашылар тарапка өткөн соң ал Султанбек Тухтабеков жана бир топ ташкендиктер менен чогуу корбашы Парпи менен анын Шахимардандагы резиденциясында кеңешме өткөргөн. Бул жолугушууда ал Фергана өрөөнүнүн корбашыларын региондо каршылык көрсөтүү кыймылын күчөтүүгө чакырган. 1920-жылдын акырында ал Шермухамедбектин резиденциясында болуп, пропагандалык ишти жетектеген: чакырыктарды жазып, баракчаларды тараткан. 1921-жылдын июнунда Анжиян уездинде Исраил корбашынын жигиттери менен маек өткөргөн. Ал пропагандалык ишмердүүлүгүн Фергана өрөөнүнүн калкына гана жайылтпастан, кызыл аскер бөлүктөрүнө да жайылтып, көтөрүлүшчүлөр кыймылынын негизги максаттарын жана милдеттерин түшүндүргөн” деп айтылат 2000-жылы Ташкенде жарык көргөн “Туркестан в начале XX века: к истории истоков национальной независимости” китебинде. Кадимки эле Курманжан датканын небереси Кадырбек Камчыбеков Жанузаковду өз ишине берилген, Түркестанды совет бийлигинен азат кылууга умтулган жакшы адам катары мүнөздөгөн. 


Төрөкул Жанузаковдун калк арасындагы кадыр-баркын, элди уюштуруу жөндөмүн жакшы билген совет бийлиги аны кармоо боюнча атайын операция уюштурат. 1921-жылы декабрда, ошондой операциялардын биринин учурунда өз элинин чыныгы патриоту, кыргыздарды көз каранды эмес, эркин эл катары көргүсү келген Т.Жанузаков окко учат. Тагыраагы, “колго түшкөндө качууга аракет кылды” деген шылтоо менен атып салышкан. Бул учурда ал болгону 28 жашта болчу... “Декабрь айында түркестандык интеллектуалдардын бири Т.Жанузаков шейит кетти. Бул биз үчүн чоң жоготуу болду. Ал кыргыздардын арасынан чыккан эң кадыр-барктуу инсан, нукура интеллектуал болчу. “Манастын” кол жазмаларын жыйнап жүрчү. Менден да 24 миң куплеттен турган эпостун эски версиясын сурап алган.Тилекке каршы, бул кол жазмалар аны менен кошо жоголду. Төрөкул мырза мен Түркестандагы күрөш учурунда көргөн эң көрүнүктүү, эң ак ниет, эң эмгекчил интеллектуалдардын бири эле” деп кабыргасы кайышып жазган Зеки Велиди Тоган.


Төрөкул Жанузаков таланттуу, чыгармачыл да адам болгон. Ыр жазган. 1917-жылдын январында Ташкен шаарынан казак тилинде чыккан гезитте анын “Кыргыз боорлорума” аттуу кайрылуусу жарыяланган. Архивдерде анын орус тилинде жазылган “Орус дыйканына кат” аттуу ыры жана памфлеттери да сакталып турат. Бул нерсе Төрөкул Жанузаковдун кыргыздардын арасынан чыккан орус тилдүү туңгуч адабиятчы экендигин да айгинелеп турат.


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн