Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 08:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Төрт баңги төбөл кармалып, 30 кг баңгизат алынды (сүрөт)

18.09.2020 10:13
1436
Төрт баңги төбөл кармалып, 30 кг баңгизат алынды (сүрөт)


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан акыркы бир нече күндүн ичинде шектүүлөрдүн мыйзамсыз жүгүртүшкөн 30 килограммдан ашык баңгизаттары табылып алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, атайын жүргүзүлгөн операциянын алкагында, Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында түнкү маалда атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 


Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жүрүп, афган түспөлүндөгү “гашиш”  баңгизатын өзгөчө ири өлчөмдө сатууну көздөгөн 1985-жылы туулган жаран И.А. кармалган. Шектүүдөн кара куурай жыттанган өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү таңгактар салынган сумкасы алынган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 10 килограмм 195 граммды түзөт.


Алынган баңгизаттардын “көмүскө базардагы” баасы болжол менен 40 миң доллар турат. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунда БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттардын ири партиясын сатууга бөгөт коюшту.  


Кызматкерлерге болжол менен 35-40 жаштардагы адам өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдө деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Алынган маалымат КЖБРге Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган. 

 

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттарды өзгөчө ири өлчөмдө сатууну көздөгөн 1983-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалган. Автоунаасына тинтүү жүргүзүү учурунда уксус ангидридиндей өзгөчө жыты бар баштык табылып алынган. 


Соттук-химиялык эскпертизанын жыйынтыгы менен баштыкта жалпы салмагы 1 килограмм 34 граммды түзгөн “героин” баңгизаты бар экендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


 Ушуга катар эле, Жалал-Абад облусунун аймагында марихуананы ири өлчөмдө сатууну көздөгөндөрдү кармоо боюнча дагы бир атайын операция жүргүзүлгөн. 


Анда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууга аракет кылган 1997-жылы туулган жаран Т.Б. менен мурда соттолгон 1977-жылы туулган жаран А.К. кармалган. 


Автоунаасына тинтүү жүргүзүү учурунда 20 килограмм 816 грамм өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү каражат-марихуана салынган кап табылып алынган. 


Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

  

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн