Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 11:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Төрт партиянын лидерлери биригип Жогорку жана жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышат

17.02.2021 17:37
957
Төрт партиянын лидерлери биригип Жогорку жана жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышат

Төрт партиянын лидерлери Эльдар Абакиров, Дастан Бекешев, Аймен Касенов жана Клара Соорункулова, өз күчтөрүн жергиликтүү Кеңештин шайлоосуна бириктирип жатат. Бул тууралуу Эльдар Абакиров маалымдаган.


Жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн бириккен саясатчылар эртең, 18-февралда маалымат жыйын берет. Анда Биригүү жөнүндө Меморандумга кол коюу жана бирдиктүү партия катары Бишкек жергиликтүү Кеңештин шайлоосуна көрсөтүлүүсү тууралуу, ошондой эле, партиялардын лидерлери менен өкүлдөрүнүн жалпы максаттары жөнүндө журналисттерге жана коомчулукка кенен маалымат берээри күтүлүүдө.


Иш-чара Бишкектеги мейманкалардын биринде саат 14:00дө өтөт.


Белгилей кетсек, жогоруда аты аталган саясатчылардан Эльдар Абакиров, Аймен Касенов, Клара Сооронкулова 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон. Ал эми Дастан Бекешов учурда ЖК депутаты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн