Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:47
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Кытай тарап менен “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү жайы боюнча жыйын өттү

06.06.2020 17:24
1040
Кытай тарап менен “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү жайы боюнча жыйын өттү


Кыргыз жана Кытай тарап Торугарт көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык,  Мамлекеттик бажы кызматынын аянтчасында видеоконференция режиминде Бажы кызматынын жана Кытайдагы СУАРдын Бажы башкармалыгынын башчыларынын жыйыны өткөрүлгөн.

 

Жыйындын жүрүшүндө тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселесин талкуулашкан.

 

Кыргыз тарап жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын ПЧР-тесттерди тапшыруусу каралган жаңы алгоритмди сунуш кылган.

 

Бул алгоритм бизнес-коомчулук менен макулдашылган, аны учурда кошуна өлкөлөр дагы иш жүзүндө колдонууда.

 

Кытай тарап сунушталган алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу боюнча зарыл шарттардын тизмесин жөнөтөрүнө ишендирген.

 

Тараптар берилген сунуштарды кароонун жыйынтыгы тууралуу өз ара маалымат берип турууга жана зарылдыгына жараша видеоконференция түрүндө кезектеги жыйынды өткөрүүгө макулдашышкан.

 

Бүгүнкү күнү Торугарт көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу боюнча тараптардын ортосундагы иштер уланып жактаны айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн