Бүгүнкү күндө той-маараке, аш өткөрүүгө расмий уруксат берилген эмес. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев 25-августтагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, той өткөрүүгө жол берген тойкана ээлерине айып пул салынат
"Эгер той иш-чаралар өтүп жаткан фактылар болсо, Ош шаарынын мэриясына кайрылсаңыздар болот. Кимде ким той өткөрүүгө жол берсе, айып пул салынат. Буга чейин санитардык нормаларды сактабаган учурлар катталып жалпы 1 млн сомго жакын суммага айып пул салынган”, - деди Асылбек Топчубаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн