Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 00:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Тойду өткөрүүнүн эрежесин алмаштырып, жаӊы түшүнүктөрдү мода кылбайлыбы?

26.02.2021 15:55
2360
Тойду өткөрүүнүн эрежесин алмаштырып, жаӊы түшүнүктөрдү мода кылбайлыбы?
Тойду өткөрүүнүн эрежесин алмаштырып, жаӊы түшүнүктөрдү мода кылбайлыбы?
Мисалы, эл көзүнө деп желбей турган тамактарды жыйып салабыз. Бул ысырап! Мен ниет кылып жүрөм, той кылсам эӊ жакын деген саналуу эле адамдарды чакырып, столдо саналуу, бирок жакшы салаттын 1-2 түрү, кесилген мөмө-жемиштер, азырак, адам тое турган эле боорсок-нан. Чай берилип, салат желсе. Анан каллориясы азырак, чоӊ чыныга мелт-калт куюлбаган суп. Бир аздан соӊ эзилип бышкан стейк, гарнири менен. Андан соӊ балыктын 3 түрлөп бышырылганы келсе. Ар ким каалоосуна жараша тандап алып. Ошондо адамдын курсагы кыйналбай тоет. Аягында бал муздак же торт. Келген эл кенен отуруп, тамшанып тамак жейт.
Бизде кандай?

Столго ичип аткан чайыӊдын чынысын койгонго орун жок, жык-жыйма! Салаттын көп түрү, аны эч ким жебейт. Биринчи, экинчи, үчүнчү тамактар келет. Баары теӊ ашказанга оор. Манты, самса, шорпо, плов, чучук, жылкынын эти, койдун эти. Келип алып чымчып жеп коюп эле отурушат, калганын пакеткен талап салып кетишет. Пакет салып, талашып жаткандагы көрүнүш жапайычылык эле!
Той болуп, курсагын желип-желбеген тамактарга эмес, даамдуу тамактарга тоюп, бата берип, тилегинди айтып кетип кал. Столдо фрукты түрү турат, жей деле албайсыӊ. Кесип койсо жемексиӊ! Деген ой келди, ким кошулат? Буюрса мен той кылсам ушуну колдонуп көрөм. Анан, “иий, бечара столу бош, эптеп эле жасаптыр” дегендерди чакырбайм).

Дайырбек Орунбеков

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Нурийла
Мен дагы кошулам ушул пикирге.Эн туура. ЖЗ
Таа
Азаммат!Кредитке дасторкон жазгандарга айрыкча.Мен каламбы деп