Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жумушчу сапары менен Талас облусуна барды.
Ведомстводон билдиришкендей, ал жумушчу сапарынын алкагында президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев менен бирге жол куруу иштеринин жүрүшүн текшерди.
Министр алгач Өтмөк ашуусундагы асфальт басуу иштерин көрдү. Бүгүнкү күндө №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун 12-17-чакырымдар аралыгына 5 км асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
"Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорунун курулушунан кабар алган Сыргабаев подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө иш солгун жүрүп жатканын айтып, эскертүү берди.
Мындан тышкары, министр Покровка – Кайыңды жолунун 9 чакырымын оңдоо иштерин жеринен көзөмөлдөп, жолдун сапатына жана аяктоо мөөнөтүнө, ошондой эле жээгин көрктөндүрүү иштерине да өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн