Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Транспорт министрлиги 2022-жылы укуктук ченемдик актыларды 145 %га жогору кабыл алган

15.02.2023 10:45
336
Транспорт министрлиги 2022-жылы укуктук ченемдик актыларды 145 %га жогору кабыл алган


Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги  2022-жылы 29 укуктук ченемдик актыларды  кабыл алды, бул көрсөткүч  2021-жылга салыштырмалуу 9га жогору же 145% түздү (2021-жылы 20 ЧУА кабыл алынган), алардын ичинен 6 – Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары (2021-жылы 3 Мыйзам кабыл алынган), 12 – Кыргыз Республикасынын Министерлер Кабинетинин токтому (2021-жылы 6 токтом кабыл алынган) жана 11- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелери кабыл алынды.


Иш кагаздарын жүгүртүү. 2022-жылдын 12 айында кириш документтердин саны 22954  түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3425 ке көбөйгөн же 17.5 %га, чыгыш документтери 9028 түзүп, 738 ге  азайган же 8,17 % ды түзгөн.


Ошондой эле, 2022-жылдын 12 айында жогорку органдардан түшкөн 3258 тапшырманын ичинен 2865 тапшырма бир күндүк, 2 жана 3 күндүк мөөнөттө жана “өтө шашылыш” жана “шашылыш” мөөнөттө аткарылышы керек болгон, бул бардык тапшырмалардын 87,9%  түзөт.


Жарандардын кайрылуулары жана арыздары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынан – 112 жана түздөн-түз кайрылгандардан – 369 келип түшкөн. Мындан тышкары, портал аркылуу электрондук түрдө 35 кайрылуу келип түшкөн.


Ошондой эле, министрликтерден, комитеттерден жана административдик ведомстволордон, чет мамлекеттерден, ведомстволук уюмдардан жана ишканалардан 19696 документ келип түшүп, 2021-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 88,3%ге көбөйгөн.


Кадрдык маселелер. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде 2022-жылдын 1-январына карата 8453 адам иш менен алек болушту, алардын ичинен борбордук аппаратта 81 адам, ведомстволук мекемелерде жана ишканаларда 8372 адам.


2022-жылда министрлик боюнча 1591 адам жумушка кабыл алынып, ээлеген кызматтарынан 1663 адам бошотулган, анын ичинде борбордук аппаратта 30 адам дайындалган, 20 адам бошотулган.

Министрликке караган уюмдарда жана ишканаларда 1561 адам ишке кабыл алынып, 1643 адам жумушунан бошотулган.

Министрликте 1-январь 2023-жылга карата иштегендердин саны 8381 адамды түзөт: анын ичинде борбордук аппаратта 91 адам, ведомствого караштуу уюмдарда жана ишканаларда 8290 адам.


Жүктөлгөн функциялык милдеттерди өз убагында жана талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн министрликте 436 тартиптик жаза чарасы, анын ичинде борбордук аппаратта 16 (8 эскертүү, 6 сөгүш жана 2 катуу сөгүш), министрликке караштуу уюмдарда жана ишканаларда 420 адам, (182 эскертүү, 282 сөгүш, 3 катуу сөгүш жана 17 кызматынан төмөндөтүү) колдонулган.


Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча министрликте төмөндөгү 4 долбоордун үстүндө иштер алып барылууда. “Өзгөн шаарын айлынып өтүүчү жол куруу” МЖӨ долбоорун илгерлетүү максатында, тандалып алынган консультант долбоордун акыркы этабын аяктап, финалдык техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН)  жана конкурсттук документтердин иштеп чыгып министрликке тапшырды. ТЭН жана конкурсттук документтер министрлик тарабынан каралып чыгып, бекитилип жана консультанттын  акысы төлөнгөн соң, жеке өнөктөштү тандоо процедураларын баштоо пландаштырылууда.


«Жүк ташуучу транспорттордон жана автобустардан жыйымдарды чогултуу жана салмак жана өлчөм көзөмөлдөөчү маалыматтык электрондук тутумун киргизүү» МЖӨ долбоору азыркы учурда министрлик менен ОсОО “Ак-Жол Телематика” Долбоордук компаниянын ортосундагы Келишимге өзгөрүүлөр жана толуктоолорду киргизүүчү Толуктоо келишиминин долбоору даярдалууда.

“Бишкек шаарынын түндүк айланмасын жана Чүй облусунун калктуу конуштарын айланып өтүүчү жолду реконструкциялоо” жана “Бишкек-Күнтуу-Белогорка-Суусамыр жолун куруу узундугу 7км тоннель курулуш менен” МЖӨ долбоорлору”  мамлекеттик жеке-өнөктөштүк долбоорлорун колдоо Фондунун Байкоочу кеңешине тиешелүү түрдө сунуш жиберилген.


Андан тышкары “Бишкек шаарынын түндүк айланмасын жана Чүй облусунун калктуу конуштарын айланып өтүүчү жолду реконструкциялоо” долбоорун даярдоо боюнча кытайлык “Чайна роад энд бридж корпорейшн” компаниясы менен иш алып барылып азыркы учурда алар тараптын эсебинен долбоордун ТЭНи министрликке тапшырылды. ТЭНди изилдеп карап чыккан соң андан кийинки иштер алып барылат (Министрлер Кабинетинин долбоор боюнча түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү чечимин КР Президентинин Администрациясына даярдап киргизүү жана жыйынтыгы боюнча башка тиешелүү иштерди алып баруу).


“Бишкек-Ош автожолунда альтернативдик тоннелди куруу” МЖӨ долбоору боюнча азыркы учурда “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 3.11.2022ж. №597 тескемесин аткаруу маскатында түз сүйлөшүүлөр аркылуу Бишкек-Ош унаа жолунда альтернативдик автожол тоннелин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгеленип, түз сүйлөшүүлөргө чакыруу даярдалууда.


Санариптештирүү багытында министрликте төмөндөгү долбоордун алкагында иштер алып барылууда.


1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы №221 «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү  системасы түзүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн пилоттук долбоорун ишке ашыруу Министрлер Кабинентинин тескемесинин долбоору даярдалып, 2022-жылдын 19-октябрында №565-т номери менен тескеме аткарууга бекитилди.


2. Көчмө жол лабораторияларын колдонуу менен жолго мониторинг жүргүзүү жолдорду оңдоону эффективдүү пландаштыруу жана финансылык бөлүштүрүү  долбоорунун алкагында жалпы пайдалануудагы 13 515 км, анын ичинде 2022 – жылы 6001 км автомобиль жолдору изилденди, жолдордун электрондук маалымат базасы түзүлүп, маалыматтык система тестирлөө стадиясында ишке берилди.


3. 2022-жылы чет мамлекеттердин аймактары аркылуу жүрүүгө лицензияларды, уруксаттарды жана бланктарды жана көлөмдүү жана бөлүнгүс жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксаттарды берүүнү автоматташтыруу үчүн маалымат системасын иштеп чыгуу үчүн долбоордун техникалык тапшырмасы иштелип чыккан, ишке ашырууга 7,8 млн сом республикалык бюджеттен бөлүнгөн. 2022-жылдын декабрь айында тендердин жыйынтыгы менен  «Адилет Сот» мамлекеттик ишканасы менен макулдашуу түзүлүп, программа иштелип чыгууда.


4. Евразиялык экономикалык комиссиянын 2021-жылдын 14 сентябрындагы №87 «Санариптик экосистемалык улуттук сервистердин маалыматтык – коммуникативдик «витринасын» иштеп чыгуу иш-чаралардын алкагында 2022 – жылы министрликке тиешелүү маалымат системаларын  интеграциялоого даярдоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн