Кулжа 06, 2025
Убакыт: 22:35
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Транспорт министрлиги оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилгенин эскертет

05.06.2025 14:44
51
Транспорт министрлиги оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилгенин эскертет


Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 19-майдан тарта оор жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилгенин эске салды.


Ведомстводон билдиришкендей, салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 19-майдан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28ºС жана андан жогору болгон учурда болжол менен эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. 


Мында максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат.


Бул чектөө: 

  • Жүргүнчү ташыган;
  • Гуманитардык жардамды ташыган;
  • Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган; 
  • Атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган;
  • Жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) жайылтылбайт.


Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, түшүндүрүү иштери менен текшерүү иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. 


"Урматтуу айдоочулар! Ашыкча жүк жүктөгөндөн алыс болуп, жолдун сапатын сактоого салымыбызды кошолу!",-деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн