Теке 01, 2024
Убакыт: 15:46
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

Транспорт министрлиги селден кийинки жолдордогу абал тууралуу маалымат берди

29.06.2024 11:56
104
Транспорт министрлиги селден кийинки жолдордогу абал тууралуу маалымат берди


Күн мурун Кыргызстандын түштүк аймактарында нөшөрлүү жаандан улам бир катар унаа жолдорун сел алып кеткен. Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдордогу абал тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн, 29-июнь саат 08:00го карата жолдордогу абал төмөндөгүдөй:

– Мырзаке – Кара-Шоро жолунун 49-51-чакырымдар аралыгында жол каттамы бир тараптуу ачылды. Тазалоо иштери уланууда;

– Ылай-Талаа – Карагуз – Түшүнүк жолундагы (17-28-чакырымдар аралыгында) сел түшкѳн тилкелерде жол каттамы бир тараптуу ачылды. Азыркы учурда тазалоо, кеңейтүү иштери аткарылып жатат;

– Ош – Баткен – Раззаков жолунун 43 жана 63-чакырымдарында жол каттамы бар. Азыркы учурда жол кызматкерлери иштеп жатат;

– Додон – Салиева – Абшыр-Сай жолунун 47-50-чакырымдар аралыктарында сел түшкѳн, жол убактылуу жабык. Азыркы учурда иштер кызуу жүрүүдө;

– Төө-Моюн– Өсөр – Жаңы-Арча жолунун 26, 29, 32-чакырымдарында сел каттуу жүрүп, азыркы учурда жол убактылуу жабык. Жолчулар иштеп жатышат;

– Көк-Жар – Кызыл-Кыя жолунун 7-8-чакырымдар аралыгында кечээ 28-июнь түнкү саат 24:00до жол каттамы бир тараптуу берилди;

– Караван – Пахтачи жолунда (30-42-чакырымдар аралыгы) бир тараптуу каттам бар. Азыркы учурда тазалоо иштери жүрүп жатат;

– Жаңы-Арык – Кызыл-Суу (31-32-чакырымдар аралыгы), Орто-Мечит – Кызыл-Суу (31-32-чакырымдар аралыгы) жолдорунун сел түшкѳн аймактарында түнү иштер жүрүп, кечки саат 22:30до бир тараптуу каттам берилген;

– Ош – Сарыташ – Эркечтам жолунун 44-46-чакырымдар аралыгында жана Гүлчө – Каблан-Көл (16-чакырымында) сел түшкѳн аймактарда тазалоо иштери аткарылып, жол каттамдары берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн