Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:24
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Транспорт министрлигине жаңы техникалар тапшырылды

17.07.2023 11:45
346
Транспорт министрлигине жаңы техникалар тапшырылды


Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 даана жаңы атайын техникаларды тапшырды. Алар жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого колдонулат.

Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

"Былтыр Транспорт министрлигине 32 даана жол-куруу техникалары тапшырылган. Быйыл атайын техникаларды алууга эле республикалык бюджеттен 5 миллиард сом каралган, башка долбоорлорго 6 млрд сом", - деди ал.

Садыр Жапаров иш-чаранын жүрүшүндө жолчуларды өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана ак ниет иштөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, мындан бир ай мурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн