Бугу 13, 2024
Убакыт: 09:50
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Тролл болуп иште, айына 1000 $

24.11.2020 13:35
544
Тролл болуп иште, айына 1000 $


"Акча тапкың келсе, тролл болуп иште, айына 1000$. Ал оңой ондон кем эмес фейк ачасың, баардык группаларга катталасың, пост жазасың, биздин видеолорду бөлүшөсүң, комментарийлер турасың" деп фейсбуктагы активдүүрөөктөрдү вербовка кылгандар арбыды дешет.


"Байке, ушундай жумуш кооптуу эмеспи, билинип калбаймынбы, бир подпольный штабка чакырып жатат..." , - деп жаш ини-карындаштар кеңеш сурашууда.


Коомду зомбилештирбей эле, ачык-айкын атаандашсаңар болбойбу?!


Достор! Өз пикириңерди коркпой билдирүү да Кудайдан берилген парз! Өз тандооңорду жасагыла!


Мисалы мен Садык Шер, Садыр Жапаров, Каныбек Иманалиев, Курсан Асанов, Кубан Чороев, Улукбек  Кочкоров, Бакыт Калмаматов, Элдар Абакиров, Адахан Мадумаров, Канат Исаевдердин бирөөнү тандашым мүмкүн, бирок, калгандарын кемсинтпей, каргап-шилебей, ызырынбай эле, жакшысын жакшы, жаманын жаман деп жаза алам, коркпойм, кошоматтанбайм!


Тынчтык Алтымышев, журналист, коомдук ишмер


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бек
Ким кандай акча табат кимдин иши эмне