Бештин айы 27, 2024
Убакыт: 06:31
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Туманбаев электрондук кезек жана үлүш ээлерине берилген батирлер боюнча түшүндүрмө берди

19.12.2024 09:14
214
Туманбаев электрондук кезек жана үлүш ээлерине берилген батирлер боюнча түшүндүрмө берди


Аз күндөрдөн кийин "Мурас" комплексиндеги ипотекалык үйлөр өз ээлерине берилет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал өзүнүн билдирүүсүндө электрондук кезек жана үлүш ээлерине берилген батирлер боюнча түшүндүрмө берген.

"Түшүнөм баарына бүгүн үй керек, бирок бир аз сабырдуу болуп турсаңыздар буюрса батирлер колуңуздарга тийет. 1-2 жылдын ичинде мындай нерсе токтойт, иш азыр Президентибиздин колдоосу менен кызуу жүрүп жатат. Мурдагыдай 10-15 жылдап күтпөйсүздөр.

Бүгүн мамлекеттик колдоонун алкагында курулган турак жайлар көп жылдардан бери кезекте турган жөнөкөй жарандардын үмүтүн орундатып жатат. Алгачкы батирлер үлүш ээлерине жана мамлекеттик кызматкерлерге берилген. Бул чечимдин негиздүү себептери бар.

Биринчиден, үлүш ээлеринин салымы менен мамлекет башка турак жайларды курууга мүмкүнчүлүк алды. Алардын каражаттары кайтарымдуу болуп, жаңы долбоорлордун ишке ашуусуна өбөлгө түздү.

Экинчиден, батирлер мамлекеттик кызматкерлерге берилди. Алар элге кызмат кылган, коом үчүн иштеген адамдар. Бул алардын жашоо шарттарын жакшыртуу менен бирге, коррупциянын алдын алуу кадамы катары каралууда. Мамлекеттик кызматкер өз үйүнө ээ болсо, ал ишин таза жана жоопкерчиликтүү аткарууга мүмкүнчүлүк алат.

Үчүнчүдөн, мурда социалдык ипотека жок болгон. Анын ордуна министрлер кабинетинин чечими менен турак жайларды берүү үчүн артыкчылыктуу тизме түзүлгөн. Ал үчүн жарандар Мамлекеттик ипотекалык компанияга турмуштук абалын түшүндүрүп атайын арыз жазышкан. Ага биринчи кезекте майыптыгы бар балдарды багып жаткан адамдар же үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында майып жарандар барлар, андан сырткары жалгыз бой энелер жана көп балалуу үй-бүлөлөр кирген. Бул аракеттер жарандардын жашоосун жакшыртууга жана тең укуктарды камсыз кылууга багытталган.

Кийин ал артыкчылыктуу категориялар жок болуп, социалдык ипотека кошулган. Тагыраагы социалдык, жеңилдетилген жана жеткиликтүү ипотека боюнча категория түзүлгөн.

Эми үйлөр бүтүп баштаганда биринчи кезекте мурда токтом чыгып, тизмеге кирип калган адамдарга берүүгө туура келди.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө бул программанын тарыхый маанисин белгилеп, алдыдагы пландарды жарыялады:

“Бүгүн биз мамлекеттик турак жай программасынын алгачкы жемиштерине күбө болдук. Бул башталышы гана. Биз алдыда дагы 40 миңден ашуун батирди жарандарга тапшырмакчыбыз. Максатыбыз – ар бир кыргызстандыкты өз үйүнө жеткирүү”.

Эми кезек жөнөкөй элге келди. Жаңы курулуп жаткан турак жайлардан батирлер адилеттүү жана ачык негизде, электрондук система аркылуу берилет. Мамлекет элдин ишенимин актоо үчүн ар бир кадамды көзөмөлдөп жатат. Президент бул системада “кезекке тааныш аркылуу таасир этүү мүмкүн эмес экенин” баса белгилеп, ар кандай мыйзамсыз учурлар жоопкерчиликке тартыларын айтты.

Эртең кезекте турган муктаж жарандар үчүн дагы жаңы үйлөр берилет. Буга мисал катары мурдагы колониянын ордуна курулган турак жай комплекси. Бул жерде батирлердин бир бөлүгү жаза аткаруу кызматкерлерине, тактап айтканда алардын иш участкасына байланыштуу берилмекчи. Ошол эле учурда 250дөн ашуун батир муктаж жарандарга бөлүнөт. Бул батирлерди он жылдан бери кезекте турган жөнөкөй жарандар алып, өз жашоосун жаңы барактан баштайт.

Биз ишти катуу баштаганыбызга бир жарым гана жыл болду, бирок жыйынтык бар. Эми мурдагыдай 10-15 жылдап күтпөйсүздөр, урматтуу президентибиздин тапшырмасы менен иш тездик менен жылууда", - деп жазды ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн