Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Түндө Бишкектин түштүгүндөгү айылда куураган чөп өрттөнүп, 100 гектарга жакын жер күйгөн

Түндө Бишкектин түштүгүндөгү айылда куураган чөп өрттөнүп, 100 гектарга жакын жер күйгөн

Түндө Бишкектин түштүгүндөгү айылда куураган чөп өрттөнүп, 100 гектарга жакын жер күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


 Чүй облусу, Аламүдүн району. Алдын ала маалымат боюнча, Байгелди айылында тоонун боорунда куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 23:14тө Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан АКУ менен 7 куткаруучу тартылган. Учурда Байтик айыл аймагынын Байгелди жана Арчалы айылындагы тоо боору куйуп жатат. Болжолдуу аянты 100 га.


Шамалдын багыты ар кандай болгондуктан өрт үч тарапка каптап жатат. Үйлөргө жана башка чарбаларга азыр коркунуч жок. Жерине саат 02:30да №4 ӨКБдан 4, №6 ӨКБдан 3, №28 ӨКБдан 3, №5 ӨКБдан 3, №8 ӨКБдан 4, №3 ӨКБдан 3 куткаруучу, Штаб (2 куткаруучу) жана Бишкек шаардык Башкармалыгын башчысы жетектеген ыкчам топ (3 куткаруучу), Чүй облусунун Башчысынын орун басары жетектеген ыкчам топ (3 куткаруучу).


ӨКМнин жалпы 34 куткаруучу тартылган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн