Бугу 07, 2024
Убакыт: 01:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Түндө чала таанышын бычактаган 31 жаштагы жаран кармалды

05.11.2021 11:35
700
Түндө чала таанышын бычактаган 31 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте түндө адамга бычак саюуга шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Билдирүүдө айтылгандай, 4-ноябрда саат 02:50лөр чамасында “102” кызматына Черепки-2 көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен адам бычакталганы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Жеринде 23 жаштагы Т.Г. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда болжол менен саат 03:00дө арыз ээсинин жолдошу А. аттуу чала тааныш жаран менен уруша кеткен. Натыйжады А. аттуу жаран беркинин курсагына бычак менен сайып, андан ары качканга аракет кылган.


Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 31 жаштагы А.А. аттуу жаранды кармашкан. Ал Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.


Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 138-беренесинин (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн