Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Түндө шаардык соттун имаратынын эшигин талкалап киргендер изделүүдө

10.02.2021 12:30
582
Түндө шаардык соттун имаратынын эшигин талкалап киргендер изделүүдө

Бишкек шаардык сотунун имаратына түндө белгисиз бирөөлөр кирип барганына байланыштуу окуяны укук тартибин коргоо органдары иликтей башташты. Бул тууралуу 10-февралда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматта айтылгандай, окуя 10-февралга караган түнү болгон. Белгисиз бирөөлөр имаратка эшиктин кулпусун сындырып кирип барышкан.


Бардык иштер ордунда экени, жарандык, жазык же административдик иштер жоголгону жөнүндө азырынча маалымат жок экени айтылды.


Буга чейин социалдык түйүндөрдө шаардык соттогу айрым иштер уурдалганы тууралуу маалымат тараган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн