Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 22:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунун бир бөлүгү жабылды

24.06.2024 12:51
149
Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунун бир бөлүгү жабылды


Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.


"Сел агымынын көлөмү болжол менен 5000 метр кубду түзөт. Азыркы тапта жол убактылуу жабык. Таш кулоо, көчкү түшүү коркунучу болгондуктан тазалоо иштери бүгүн эртең менен улантылды", — деп айтылат маалыматта.


Министрлик кошумча маалымат берилерин кошумчалады.


Белгилей кетсек, кечээ, 23-июнь күнү, кечки саат 18:00дөр чамасында Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун 250-255-чакырымында (Арал-Казарман тилкеси) сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн