Учтун айы 23, 2025
Убакыт: 06:11
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.860
0.900

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу аяктап, жазында пайдаланууга берилет

21.01.2025 09:14
82
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу аяктап, жазында пайдаланууга берилет


Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу аяктап, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер жолчусу Айбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, жол инвестициялык долбоорлордун алкагында курулуп, учурда куруу иштери 100%га аяктады.

“Долбоордун алкагында 887 млн доллар каралган. Жолдун узундугу 453 чакырым. Көк-Арт ашуусунда узундугу 3 чакырым болгон эки туннель салынды. Жолду куруу иштери өткөн жылдын аягында бүткөрүлгөн”, - деди ал.

Эске салсак, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад менен өтөт. Жол ишке берилсе өлкөнүн түштүк аймагындагылар Балыкчыга 6 саатта жетип барышат.

Аталган жол жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга оңтойлуу, жол киренин да арзандашы күтүлүүдө. Ошондой эле кендерге жана ГЭСтерге жетүүнү жеңилдетип, туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн