2021-жылдын 16-июнунда Токтогул ГЭС жана Камбар-Ата ГЭС-2ге жасалган пресс-турдун жүрүшүндө КР энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев журналисттердин алдында «Министрлик 4 бөлүштүрүүчү компанияны: «Түндүкэлектр» ААК, «Ошэлектр» ААК, «Чыгышэлектр» ААК, «Жалалабатэлектр» ААКны бир акционердик коомго бириктирүүнү пландап жатат» деп билдирди.
Эгергетика жана өнөр жай министрлигинин башчысы бул энергетика тармагындагы чыгымдарды оптимизациялоо үчүн зарыл деп түшүндүрдү. Өздүк чыгымдарды кыскартуу турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү, башкача айтканда калк үчүн тарифтин өздүк тарифин эсептөөдө эске алынат. Учурда 15-июлга чейин миинстрлер кабинетинин «2021-2025-жылдарга электрдик жана жылуулук энергиясына Орто мөөнөттүк тариф саясатын бекитүү боюнча» долбоор коомдук талкууда өтүп жатат.
Энергетика министрлигинин электроэнергетика башкармалыгынын начальниги Марат Жээнбеков 6-июлдагы маалымат жыйынында «Министрлик экономикалык пайдалуулук кырдаалында генерациялоочу компанияларды, бөлүштүрүүчү компанияларды бириктирүүнү пландоодо» деп билдирди.
Ошондой эле энергетикалык ишканаларды ирилештирүү, бириктирүү боюнча да сөздөр бар экенин кошумчалады. Бул стратегиялык маанилүү маселелер өтө чийки, иштелип чыкпаган жана макулдашылбаган. Бириктирүүгө уруксат алуу боюнча бөлүштүрүүчү компаниялардын акционерлеринин кезексиз жыйынын өткөрүү керек. Башкармалыктын структурасын жана штаттык расписаниесин кайра кароо зарыл. Энергетикалык компаниялардын ортосунда ички тарифти аныктоо керек. «Чыгышэлектр» ААКсы жана «Жалалабатэлектр» ААКсы акыркы жылдарда чоң эмес киреше менен чыгууда. Бириктирүү болсо бардык энергетикалык компаниялар чыгымга учурайт. Ар бир технологиялык толук циклдин чыгышында жана продукцияны реализациялоодо «Кууш» («Узкое») деген термин болот, «кайсыл жерде жука болсо, ал жакта дайыма тырышат» («там где тонко, там постоянно рвется»).
Электр энергиясын транспорттоону иштеп чыгуу жана бөлүштүрүүдө эң эле алсыз звено «кууш» орун болуп ошол энерго алып жүрүүчүнү бөлүштүрүү боюнча компаниянын ишмердүүлүгү саналат. Бөлүштүрүүчү компанияларда өтө жогорку техникалык жана коммерциялык жоготуулар, өтө чоң дебитордук карыздар, эң эле эффективдүү эмес, бюрократиялык башкаруу системасы, көбөйтүлгөн штаттык расписание, системалуу коррупциянын жогорку деңгээли. «Түндүкэлектр» ААК, «Ошэлектр» ААК, «Чыгышэлектр» ААК, «Жалалабатэлектр» ААКны сатыш керек. Биринчи кезекте КР Жогорку Кеңешинин аларды менчиктештириле турган обьектилердин тизмесине киргизүү макулдугу керек.
Азыркыга чейин ГАРТЭК өндүрбөгөн бөлүштүрүүчү компаниялардын негизги каражаттарын кайра баалоону жүргүзүү шарт. Себеби мүлктөрдү кайра баалоо болсо, анда акционердик коомдордун чыгымдары көбөйөт. Толук кайра баалоодон кийин, тиешелүү реалдуу рынок баасы менен аукциондо сатуу зарыл. Түшкөн финансылык каражатты «Электрдик станциялар» ААКсына жана «НЭСК» ААКсына чыгымдарды азайтуу үчүн жана кризистик абалдан чыгуу үчүн багыттоо абзел.
Эң башкысы тариф саясатын аныктоо жана бекитүү ГАРТЭК кирген министрлер кабинетинин энергетика министрлигинде калышы зарыл.
Көз карандысыз эксперт Р. Умбеталиев.
АКИпресс-пикирден кыргызчаланды
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн