Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

“Түндүкэлектр”, сураныч, менин светимди өчүрбөй тур!

04.01.2021 17:13
713
“Түндүкэлектр”, сураныч, менин светимди өчүрбөй тур!


Кыш катаал болуп электр энергиясына көз карандылык күч алды. Мен деле карапайым адам катары кыштан светтин күчү менен чыгам. Көмүр алып жагуу бир топ кымбатка тургандыктан электр жылыткычтарын пайдалануу менен үчүн ыңгайлуу. Акыркы айда 5 миң сомдук чек келди. 1-январга чейин төлөнбөсө өчүрүлөт дегени менен Кудай сактап турат.


Менде чынын айтсам 5 миңди төлөөгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ашып кетсе 3-4 күндө кутулат элем. Сиздердин сайт аркылуу “Түндүкэлектр” ишканасына кайрылайын деп чечтим. Урматтуу бул ишкананын чоңдору, ушундай ызгаарда бир аз элге аяр мамиле жасап, светтин акчасын төлөй албай жаткандарга мүмкүнчүлүк беришиңиздерди суранам. Жок дегенде айтылган мөөнөттөн 5-6 күн өтүп өчүрсөңүздөр таарынбайт элек. Карапайым эл кыйналып турганда туура түшүнөт деп үмүт кылам.


Ак-Өргө конушунан Алтымыш

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн