Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:23
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

“Түндүкэлектрдеги” коррупция. Талас облусунда мамлекетке 2 млн сомдон ашык зыян келтирген кызмат адамдары кармалды

25.04.2022 10:30
381
“Түндүкэлектрдеги” коррупция. Талас облусунда мамлекетке 2 млн сомдон ашык зыян келтирген кызмат адамдары кармалды


“Түндүкэлектр” Талас филиалынын Манас РЭТнин кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Белгилүү болгондой, Талас областтык прокуратура органдары тарабынан “Түндүкэлектр” ААКнун Талас филиалына караштуу Манас РЭТнин айрым кызмат адамдары коррупциялык аракеттерге баргандыгы аныкталган.


Текшерүүдө, жогоруда аталган мекеменин кызматкерлери Манас районуна караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары менен туруктуу байланыш түзүп, турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттердин колдонгон электр энергиясы үчүн Манас РЭТине түшкөн накталай төлөмдөрдү «XENON» жана «IBS» базаларына кириштебестен, өздөрүнө ыйгарып, алардын төлөмдөрүн бюджеттин акчаларынын эсебинен бурмалап, жаап келишкендиги тастыкталган.


Натыйжада, алдын ала эсеп боюнча мамлекетке 2 млн 800 миң сомдон ашык зыян келтирилген.


Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иштери козголгон.


Кылмышка шектүү катары “Түндүкэлектр” ААКнын Манас РЭТнин башчысы Б.А.А., электр энергиясын сатуу боюнча башчынын мурунку орун басары О.А.О., электр энергиясын сатуу боюнча бөлүмүнүн мурунку инженери У.Н.Н., Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн