Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 03:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Түнкү клубда жигитти ур-токмокко алып, тоноп кеткен УКТнын мүчөлөрү кармалды

09.09.2020 10:01
908
Түнкү клубда жигитти ур-токмокко алып, тоноп кеткен УКТнын мүчөлөрү кармалды


Жалал-Абад шаардык милициясы кылмышка шектүү жарандарды кармашты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматк акараганда, милицияга 25 жаштагы жаран кайрылып, мыйзамга каршы аракеттер боюнча билдирген.  Тактап айтканда, 31-августтан 1-сентябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде бейтааныш эки бала  жана алардын 20-25 жаш чамасындагы эки досу  жабырлануучуга күч колдонуп, анын эркине каршы колун кайрып, унаага салып, чет жакка алып барып ур-токмокко алышкан. Ошондой эле,  анын көтөрүп жүргөн “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 4500 сом акчасын коркутуп тартып алып коюшкан. 


Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Шектүүлөрдү аныктоо жана аларды жоопко тартуу максатында тергөө-ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, анын натыйжасында Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Жалал-Абад ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип Жалал-Абад шаарынын тургундары 1994-жылы туулган А.Д.  жана 1995-жылы туулган Ш.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 


Алынган маалымат боюнча аталган эки жаран ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турушат. 6-сентябрь күнү шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн